FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

19.04.2018

Бишкекте «Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу” аталышындагы тегерек үстөл болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында «Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу” аталышындагы тегерек үстөл өткөрдү .

Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн максаты энергиялык натыйжалуулукту жана энергиялык үнөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо болуп саналат.

 Иш-чаранын жүрүшүндө ойлоп табуучулар ата-мекендик иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүнүн өз тажрыйбасы менен тааныштырышты. Тегерек үстөлдө азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы заманбап инновациялык өндүрүштөрдү  түзүү жана азыркы мезгилде иштеп жаткан өндүрүштүк жана коммуналдык заманбап объектилерди модернизациялоо жолу менен энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, ошону менен биргеликте мекендик жабдууларды жана технологияларды жандандыруу маселелери тууралуу талкуулашты. Мындан сырткары Токтогул ГЭСинин каскадында жүргүзүлгөн иштердин, жалпы өлкөдөгү гидроэнергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ресурстарды үнөмдөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелер да каралды.

Талкуу учурунда катышуучулар ата-мекендик инновациялык технологияларды жандандыруу энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга шарт түзө тургандыгын жана анын чечиминен күтүлгөн эффектти алууда энергетикалык ресурстарды колдонууну кыскартуудан эле эмес, заманбап технологияларды ишке киргизүүдөн да көз каранды экендигин белгилешти.

Тегерек үстөлдүн ишине ата-мекендик ойлоп табуучулар, КРнын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетикалык институтунун, ЖОЖдордун жана Кыргызстандын улуттук энергохолдингинин  өкүлдөрү катышышты.

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900