FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

17.04.2018

Кыргызпатенттин адистери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында көчмө лекциялар менен жүрүшөт

Аймактарды өнүктүрүү жылынын, ошондой эле Эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө жана Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчик тутумунун 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 2018-жылдын 10-апрелинен 20-апрелине чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында көчмө лекцияларды өткөрүшмөкчү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) адистери Баткен Мамлекеттик университетинин (БатМУ), Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун (КГПИ), Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин (ЖАМУ), Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ), Ош технологиялык университетинин (ОшТУ), Ош Мамлекеттик социалдык университетинин (ОшМСУ), Ош Мамлекеттик юридикалык институтунун (ОшМЮИ) студенттери үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча лекцияларды окушат.

Лекторлор интеллектуалдык менчиктин негизги түшүнүктөрү, патент алууга өтүнмөлөрдү даярдоо тартиби, автордук жана патенттик укук, ошондой эле интеллекуталдык менчик укугун жөнгө салуучу эл аралык ченемдер менен студенттерди тааныштырышат.

Аталган окутууларга студенттер активдүү катышып, интеллектуалдык менчикти укуктук жөнгө салуу көйгөйлөрүнө тиешелүү маселелерди талкуулашууда. Студенттерди интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүдөгү заманбап тенденциялар жана ушул жааттагы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын практикалык колдонуу кызыктырууда.

Көчмө лекциялардын угуучулары болуп, БатМУнун 120 студенти, КГПИнин 105 студенти, ЖАГУнун 69 студенти, ОшМУнун 79 студенти саналат, бардыгы болуп 500дөн ашык студентти тартуу пландалууда.

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900